22- Март 1832 -жылы Немис акыны, ойчул, илимпоз Иоганн Вольфганг Гёте көз жумган
Немис акыны, ойчул, илимпоз Иоганн Вольфганг Гёте 82 жашында көз жумган.
Иоганн Вольфганг Гёте 1749-жылы 28-августта Германиянын Франкфурт-на-Майне шаарында туулган. Ал Германия агартуучусунун ири өкүлү, жаңы немис адабиятын негиздегендердин бири, теориялык өнүгүштү алдын ала көрө билген көп кырдуу илимпоз болгон.
Гёте табият таанууда жаныбарлар менен өсүмдүктөрдүн салыштырма морфологиясы, физика, минералогия, геология боюнча бир нече эмгек жазган. Кадимки "морфология" деген терминди илимге Гёте киргизген.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан