23- Март 2013 -жылы
орусиялык олигарх Борис Березовский каза болгон
Лондон шаарында белгилүү орусиялык олигарх Борис Березовский 68 жаш курагында каза болгон. Ишкердин жансыз денесин өз үйүнүн жуунуучу бөлмөсүнөн анын жан сакчысы тапкан. Олигархтын өлүмү боюнча ар кандай маалыматтар айтылган. Анын досу Николай Глушков Березовскийди моюн орогуч менен муунтуп өлтүрүшкөн десе, адвокат Александр Добровинский ал өзүн-өзү өлтүрдү деген оюн айткан, ал эми Лондон полициясы Березовскийдин өлүмүндө эч кандай 3-жактарды көрбөгөндүктөрүн билдирген.
Борис Березовскийдин өлүмүнөн соң соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Жыйынтыгында анын тумчугуп өлгөнү, бирок киши колдуу болбогондугу тастыкталган.
Березовский акыркы 10 жылдан бери Лондондо жашап жүргөн. Ага Орусияда бир катар экономикалык кылмыштар боюнча айыптар тагылып, сыртынан соттолгон. Олигарх Орусия бийлигин дайыма сынга алып, өз өлкөсүндөгү оппозициялык саясатчыларды каржылап келген.