29- Март 1990 -жылы Футбол боюнча улуттук кураманын чабуулчусу Мирлан Мурзаев төрөлгөн
Кыргыз футболчусу "Дордой" клубунун жана Кыргыз Республикасынын курамасынын чабуулчусу Мирлан Мурзаев Абдраимович Жалал-Абад облусунун Кочкор-Ата шаарында 1990-жылы 29-мартта төрөлгөн. 2007-2010-жылдары "Дордой-Динамо" клубунда ойногон. 2010-жылы кышында москвалык "Локомотив" клубуна кирип, 11 оюн өткөргөн. 2011-жылы Израилдеги "Хапоэль" клубунда ойноп, 2012-жылы өзүнүн мекенине "Дордойго" кайткан. 2014-жылдын январь айынан тарта түркиялык "Денизлиспор" клубунда ойногон. Сезондун экинчи бөлүгүндө чабуулчу Түркиянын Afjet Afyonspor 4-лигасындагы командада өткөргөн. Түркиялык клуб үчүн Мирлан Мурзаев 11 расмий оюн өткөрүп, 5 гол киргизген. 2016-жылдын январь айында ал Бахрейндеги Манама шаарынын "Аль-Ахли" клубу менен  сезондун акырына чейин келишим түзгөн.
Мирлан Мурзаев 2007-2008-2009-2012-2014-жылдардын Кыргыз Республикасынын чемпиону, 2008-2012-2014-жылдарынын Кыргыз Республикасынын Кубогунун ээси. 2007-жылы Азия футбол конфедерациясынын президентинин Кубогуна ээ болгон.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан