Интернет булактары аркылуу атактуулукту багындырган ырчы Аяна Касымова Бишкек шаарында 1999-жылы 30-мартта чыгармачыл адамдардын үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Кичине кезинен музыка менен алектенип, 3 жашынан баштап "Ак Шоола" балдар хоруна барган. Кийин Бишкектеги №29-мектепте ошондой эле №6 Искусство мектебинде окуган. Анын алгачкы ырдаган видеолору апасынын демилгеси менен жүктөлгөн.