30- Март 1853 -жылы
голландиялык постимпрессионист-сүрөтчү Винсент Виллем ван Гог төрөлгөн
Винсент Виллем ван Гог 1853-жылы 30-мартта ошол кездеги Голландиядагы (Нидерланды) Грот-Зюндерт шаарында төрөлгөн. Алгач ал айылдын мектебинде окуган. Андан соң үй кызматчысы окуткан, 11 жашында аны интернатка окууга жиберишкен. Үй-бүлөсүнөн бөлүнгөнү ага жага берген эмес. 15 жашында интернатты таштап үйүнө кайткан. Сүрөт тартууга кызыгуусу таякесинин сүрөт сатуучу фирмасында иштеп баштаганда пайда болгон. Ал жактан сүрөттөргө баа бергенди үйрөнүп калат. Ван Гог мугалим, китеп сатуучу, диний үгүттөөчү да болуп иштеген. 27 жашында алгачкы сүрөттөрүн тарта баштаган. Сүрөттөрдө жашоосу оор болгон адамдарды чагылдырган. Ван Гог бир күндө бир нече сүрөт тарта алчу. Алар пейзаж, натюрморт, портрет жана жанр живописи. Ал өмүрүн кедейчиликте өткөрүп, айласы кеткенден Франциянын Овер-сюр-Уаз шаарында 1890-жылы 29-июлда өзүнө ок чыгарып каза болгон.
Ага атактуулук өлүмүнөн кийин гана келген. Учурда анын сүрөттөрү он миллиондогон долларларга барабар.