30- Март 1962 -жылы "Айкөл" тобунун негиздөөчүсү, жетекчиси Советжан Асанкадыров төрөлгөн
Көптөгөн мамлекеттик сыйлыктардын ээси, "Айкөл" тобунун негиздөөчүсү, жетекчиси Советжан Асанкадыров 1962-жылы 30-мартта Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Көөчү айылында туулган. Айылдагы 8 жылдык мектепти бүтүргөн соӊ Караколдогу музыкалык окуу жайга тапшырган. Андан ары окуусун Бишкектеги искусство институтунан бүтүргөн. Эмгек жолун Караколдогу музыкалык окуу жайда мугалим болуп иштеп баштаган. Ал жактан "Айдың көл" деген жыйырма төрт кишиден турган фольклордук топту жетектеген. Көп киши менен гастролго чыгуу оорчулук жараткандыктан, бир солист үч-төрт аспапта ойной тургандай кылып топту кыскартып, 1994-жылы алты баладан турган "Айкөл" тобун түзгөн. 
Чыгармачылыктан тышкары Кыргыз Республикасынын улуттук маданият борборунун башкы директорунун орунбасары болуп иштеген. Андан кийин Бишкек шаарындагы музыкалык мектептин директору болгон. 
Президенттин, "Райондун ардактуу атуулу" жана дагы башка көптөгөн грамоталар менен сыйланган. 
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан