31- Март 2010 -жылы
ырчы, телеалпаруучу жана шоумен Микаэль киши колдуу каза болгон
2010-жылдын 31-мартында болжол менен саат 18-19дар чамасында ырчы, телеалпаруучу жана шоумен Микаэль киши колдуу болуп, тагыраак айтканда, 22 жолу бычак сайылып өз үйүндө өлтүрүлгөн. Кошуналарынын айтымында, Микаэлдин жардам сурап кыйкырган үнү угулган. Ал эми каргашалуу окуя болгон жерге баргандар подъезддин ичи кан экендигин, бирок маркумдун денеси үйдө жатканын айтышкан. 2010-жылдын 24-май күнү кылмышка шектүү катары жакын досу Эркин Турусбеков кармалып, 2012-жылы март айында акталган.