
Жашоо-турмуштун улам оордоп баратканына чыдабаган эл 2010-жылы 6-апрелде Талас жана Нарын облустарында митингге чыга башташкан. 6-апрель күнү эртең менен Таласта милиция кызматкерлери “Ата Мекен” партиясынын лидерлеринин бири
Болот Шерниязовду "м
амлекеттик ыңкылап жасоого аракет кылды” деген негизде камакка алышкан. Түшкө маал 3 миңге жакын адам облустук администрацияга бастырып барып, губернаторду барымтага алып, Болот Шерниязовду камактан чыгарышкан. Ошол эле мезгилде Нарында аксакалдар чогулушуп, губернатор
Алмазбек Акматалиевди “эл тарапка өт” деп үндөй башташкан. Саат 16:10дордо Таласта митингге чогулган эл
Курманбек Бакиевдин сүрөтүн өрттөшүп, Элдик курултай комитети Таластагы окуялардан улам укук коргоо органдарына кайрылуу жасап, элге каршы курал колдонбоого чакырган. Ошол эле күнү кечинде Таласка 5 учак менен атайын даярдыктан өткөн аскерлер жеткирилип, ошол учурдагы премьер-министр
Данияр Үсөнов маалымат жыйынын өткөрүп, Таласта абал тынч экенин айткан.
Кечинде Таласта Болот Шерниязовду Улуттук Коопсуздук кызматынын адамдары кайрадан кармап кетишкен. Ал эми Ош шаарында милиция кызматкерлери оппозициячы Дүйшөн Чотоновду кармап кетишкени маалым болуп, Бишкекте “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевди күч органдары үйүнөн кармап кетишкени тууралуу кабар тарап, Алмазбек Атамбаевди кармоого аракет жасалган.Түнүчүндө Жаалданган эл кайрадан облустук администрациянын имаратын басып алып, күч органдары Талас ИИБинин имаратына жашынышкан. Бишкекте Эмил Каптагаев менен Турат Мадылбеков Ошто Анвар Артыков камакка алынышкан.