Ырчы Назира Токонова Сокулук районунда 1988-жылы 7-апрелде төрөлгөн. Ата-энесинин каршылыгына карабай, Калый Молдобасанов атындагы Улуттук консерваторияга тапшырып, 2 жыл даярдоо курсунда, 5 жыл эл аспаптар факультетинде окуган. Чыгармачылык жолуна 2007-жылдары аттанган.