13- Апрель 2016 -жылы  Рок-н-роллдун бүткүл дүйнөлүк күнү
Рок-н-роллдун бүткүл дүйнөлүк күнү жыл сайын 13-апрелде белгиленет. Бул күндү майрам катары белгилөөгө 1954-жылдын 12-апрелинде Билл Хейли тарабынан жазылган "Rock Around The Clock" ыры түрткү болгон. Аталган ыр жаңы музыкалык багытта өзгөчө орун алып, АКШнын чек арасынан ашып, башка өлкөлөргө тез эле тарап кеткен. 20-кылымдын ортосунда, Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин эл тынч жашоого умтулган. Коомчулуктун маанайын ошол кездеги кантри жанрындагы жай жана сентименталдуу музыкалар чагылдырып турган. Ошол эле маалда АКШда ритм-энд-блюз делген катуу жана ритмдүү музыканын да сүйүүчүлөрү болгон. Рок-н-ролл багыты дал ушул эки жанрдын айкалышынан чыккан. 
Рок-н-роллдун алгачкы жылдызы катары гитарачы Билл Хейли саналат. Анын аткаруусундагы ритм-энд-блюз, кантри жана көчө сленгинин жанрларындагы аралашмасы ийгиликтүү болгон.  
Андан соң бул багыттын негизделишине Элвис Пресли да салым кошкон. Анын өзгөчө стилинен көптөгөн жаштар үлгү алышкан. 
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан