Америкалык модель, актриса, ырчы жана бийчи Кармен Электра Огайо штатындагы Шеронвиллде төрөлгөн. Анын өзүнүн аты Тара Ли Патрик. 9 жашынан баштап бий мектебине бара баштаган. Өзүнүн карьерасын 1990-жылы Огайодогу "It’s Magic" аттуу шоудо бийчи катары баштаган. 1991-жылы Калифорнияга көчүп келип, "Paisley Park Records" менен келишим түзүп ырчылык карьерасын баштаган. Дал ошол кезде атын Кармен Электрага алмаштырган. Чогуу иштешкен Принс аттуу ырчынын "Glam Slam" түнкү клубунда бийчи болуп иштеген. 1995-жылдан баштап ар кандай телеберүүлөргө чыга баштаган. 1996-жылы май айында атактуу болгон "Playboy" журналына сүрөттөрү чыккан соң ал атактуулукка жетип, "Малибу куткаруучулары" (Спасатели Малибу) сериалына тартылган. Аталган журналга дагы 4 жолу чыкканга жетишкен. Андан соң бир нече комедия жанрындагы тасмаларга тартылган. 1999-жылдан тарта клиптерге тартылып, стриптиз бийин бийлеп, ар кандай шоулордо катышкан. 2002-2005-2006-2007-жылдары "Дүйнөнүн сексуалдуу айымдары" тизмесинде алдынкы орундарга ээ болгон.