21- Апрель 2014 -жылы Кыргыз ырчылар Баку шаарында өткөн "Отвага" патриоттук ырлардын эл аралык сынагында 1-орунга ээ болушкан
Кыргыз өлкөсүнүн 4 ырчысы: Айбек Бакытбеков, Гүлжигит Калыков, Жээнбек уулу Сталбек жана Бек Исраилов Баку шаарында өткөн "Отвага" патриоттук ырлардын эл аралык сынагында 1-орунга ээ болушкан. Ырчылар квартет катары композитор Муратбек Бегалиевдин "Кыргызстан" аттуу ырын ырдашкан. Бул эл аралык сынакты Азербайжандын Жаштар министрлиги уюштурган. Ага 20 өлкөнүн таланттары катышып, Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги тарабынан дал ушул төрт жигит: Айбек Бакытбеков, Гүлжигит Калыков, Жээнбек уулу Сталбек жана Бек Исраилов тандалып алынган эле.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан