21- Апрель 1926 -жылы Эң узак мөөнөткө бийлик кылган монарх катары рекорд койгон Улуу Британиянын ханышасы Елизавета II төрөлгөн
Елизавета II (Елизавета Александра Мария) 1926-жылы 21-апрелде Лондондо туулган. 
Жаш кезинен конституция тарыхын, укук, искусство жана дин илимдерин өз алдынча окуп, аттарга жакын болуп, ат үстүндө жүрүүнү үйрөнгөн. 
Ал герцог Эдинбургскийге 21 жашында турмушка чыккан. Ханыша менен ханзаада Филипптин 4 баласы, 8 небереси жана 5 чөбөрөсү бар.
1952-жылы Елизавета II 25 жашында такка отуруп, Бириккен Улуу Британия Падышалыгы, Түндүк Ирландия жана 15 мамлекеттин улутун бириктирген Шериктештиктин ханышасы аталган. Ханышанын таажы кийүү салтанатын телевизордон көрүү мүмкүнчүлүгү биринчи жолу түзүлгөн. 
2015-жылы 9-сентябрда Улуу Британиянын ханышасы Елизавета II эң узак мөөнөткө бийлик кылган монарх катары рекорд койгон. Буга чейинки рекорд Улуу Британияны 1837-1901-жылдары башкарган ханыша Викторияга таандык болгон. Бул тарыхый күндү Елизавета II кадимки иш күнү катары баалап, жолдошу менен темир жолдун расмий ачылышына катышкан. 
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан