Кайып Оторбаев 1922-жылдын 22-апрелинде Кемин районунун Тегирменти айылында төрөлгөн. 300дөн ашуун илимий эмгектин, анын ичинде 15 монографиянын автору. Кайып Оторбаев бир катар сыйлыктардын, медалдардын жана Ардак грамоталардын ээси. Алардын ичинде Кызыл Жылдыз ордени, "Эрдик үчүн" медалы, "1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согушта фашисттик Германияны жеңгени үчүн" медалы менен сыйланган.