22- Апрель 2014 -жылы
Кыргыз Республикасында оор кылмыштарды кечирбөө тууралуу мыйзам күчүнө кирген
Кыргыз өлкөсүнүн президенти Алмазбек Атамбаев "Кыргыз Республикасынын Жазык кодексине толуктоолорду киргизүү жөнүндө" мыйзамга 22-апрелде кол койгон. Аталган мыйзамды 2014-жылдын 6-мартында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган. Мыйзамдын максаты коррупцияны жоюу жана аны менен күрөшүү боюнча укуктук нормаларды жакшыртуу болуп саналган. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 6-бөлүмүнүн 67-беренесине толуктоолор киргизилип, ал мыйзам өзгөчө оор кылмыштардын эскирүү мөөнөтүн жокко чыгарат. Башкача айтканда, "мамлекеттик чыккынчылык", "коррупция" жана "кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренелери менен айыпталгандарды кайсы учурда болбосун жоопко тартууга болот. 2014-жылга чейин мындай кылмыштар 10 жылдан кийин "эскирди" деп табылып, күнөөлүүлөрдү жазалоо мүмкүн болбой калчу. Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирген.