
Дүйнө жүзүнө кеӊири жайылган дьюти-фри дүкөндөрүнүн жана "The Atlantic Philanthropies" кайрымдуулук фондунун негиздөөчүсү Чарльз Фини АКШда Нью-Жерси штатында Элизабет шаарында туулган.
Бала кезинен билген Чарльз каражат табуу үчүн кышында бирөөнүн короосундагы карын күрөп, газонун кыркып, гольф аянтында топторду терип иштеген. 1950-жылдары түндүк-түштүк Корея согушунда аскерий аба күчтөрүндө кызмат өтөйт. 1956-жылы окуусун улантуу үчүн Францияга барып, көп өтпөй ишкерлик кылууну чечип, америкалык аскердик деӊиз флотундагы матросторго ичимдиктерди сата баштаган. Атаандаштык күч болгону менен, аскердик тажрыйбасы бар Фини матростор менен бат эле тил табышып, кемеге оӊой кирип турган. Анын ишкерликтеги биринчи өнөктөшү туристтерге унаа, зер буюмдарды жана парфюм саткан Корнелла Боб Миллер болот. Кийин булардын катарына салык боюнча консультант Тони Пиларо жана эсепчи Аллан Паркет кошулуп, ишкерликти профессионалдуу деӊгээлге жеткиришет. 1964-жылы алардын дьюти-фри компаниялары 27 мамлекетте ачылып, анда 200 кызматкер иштей баштайт.
1980-жылдардын ортосунда айрымдар дүнүйө чогултуп мактанып жүрүшкөндө Фини өз миссиясын баштайт. Акыркы 30 жыл ичинде дүйнө жүзүн кыдырып, 7,5 миллиард капиталын коротуунун аракетин көрүп келет. Ал которгон 6,2 миллиард доллар АКШ, Вьетнам, Түштүк Африка, Ирландия, Бермуд аралына илим-билим берүүнү өнүктүрүүгө, саламаттыкты сактоого, адам укуктарын коргоого, карылар үйүн каржылоого жумшалган. Калган 1,3 миллиард доллар 2016-жылга чейин көпчүлүктүн муктаждыгы үчүн сарпталып, өзү түзгөн "The Atlantic Philanthropies" кайрымдуулук фондунун ишмердүүлүгү 2020-жылы аягына чыгат. Фининин көз карашы боюнча, акчаны кайрымдуулукка жумшоо үчүн карылыкты күтпөй, дүйнөнү жакшы жакка өзгөртүүнү энергия толуп-ташып турган кезде баштоо зарыл.
1990-жылдардан тартып дүйнөлүк туризмдин төмөндөшүнүн жыйынтыгында дьюти-фри дүкөндөрүнүн кирешеси кыйла азайган. Компаниянын ийгиликтүү күндөрү артта калганын божомолдогон Фини өнөктөштөрүнө компанияны сатууну сунуштайт. 1997-жылы Фини, 2 өнөктөшү Пиларо жана Паркет болуп өзүлөрүнүн үлүшүн LVMH франциялык холдингине сатышат. Ал эми Миллерди алар көндүрө албай коюшкан.
Дүкөндөргө туристтерди тартуу үчүн гиддерге акча төлөй баштаган. Япондор ири өлчөмдөгү киреше алып келген кардарга айланышат. Алар дагы кайсы шаарга саякаттоого барышарын билүү үчүн Фини аналитиктерди жалдап, дүкөндөр дүйнөнүн булуӊ-бурчунда ачыла баштайт. Бирок канчалык байлыгы артканы менен өзү атак-даӊкка кызыкпай, көлөкөдө жүрүүнү жактырат. Алсак, 2012-жылга чейин 5 гана интервью берген.