Италиялык улуу сүрөтчү, скульптор, архитектор Леонардо да Винчи же Леонардо ди сер Пьеро да Винчи (итальянча: Leonardo di ser Piero da Vinci) 1519-жылы 23-апрелде каза болгон. Ал 1452-жылы 15-апрелде Винчи шаарчасына жакын жерде жайгашкан Анкиано кыштагында туулган. Ал улуу сүрөтчү, живописчи, скульптор, архитектор жана анатом, математик, физик болгон. Аны ошол замандын жана кылымдын көп тармактуу (универсалдуу) илимпозу, италиялыктардын идеалдуу адамы деп атап коюшкан. Ошол кезде аны сыйкырчы, же болбосо шайтанга кызмат кылуучу, Кудай Таала тарабынан улуу күчкө ээ Фауст деп да таанып жүрүшкөн.
Верроккьо өнөрканасы Италиянын интеллектуалдар борбору болгон Флоренция шаарында жайгашкан. Ал жерде Леонардо алгачкы эмгектерин жараткан. Ошондой эле билимдин очогу болгондуктан, техникалык жааттан дагы сабак алганга жетишкен. Мисалы, ал чийүү, химия, темир ширетүүчү, гипс жана булгаары менен иштөө илимине сүңгүп кирген. Жаш чебер ошол эле мезгилде сүрөтчүлүгүн жерге таштаган эмес. Сүрөт тартуу, айкел чегүү жаатында дагы эмгектенип, окуп үйрөнүүгө далалат жасаган. Аталган өнөрканага белгилүү чеберлер: Гирландайо, Перуджино, Боттичелли жана Лоренцо ди Креди кез-кезде келип турушкан.
Леонардо да Винчи 1473-жылы 20 жаш курагында Лука гильдиясынын квалификациясын алат. Бул ал үчүн абдан чоң жетишкендик болгон. 24 жашында Леонардо жана анын үч жолдошу жалган айыптоо үчүн сот жообуна тартылышат. Бирок ал жагдайды кеч болсо да жеңип чыгууга аракеттери зор болот. Мына ошондон кийин сүрөткердин өмүр таржымалы өтө аз баяндала баштайт. Анын Флоренцияда белгилүү өнөрканасы бар экени жашыруун эмес (1476-1481-ж.ж.) эле. Ошол жерде күн өткөрүп, ошол жерден улуу чыгармаларын жарыкка алып келе баштайт.
1482-жылы жазылган Вазаринин эмгегинде (Леонардонун өмүр таржымалын өтө жакшы билген жазуучу) Леонардонун элге билинбеген дагы бир таланты эске алынган. Ал эң жакшы ырдай алган. Өмүрүнүн акыркы күндөрүндө Леонардону жалаң ак сөөктөр чакыртып, сарайында иштетип калышкан. Падышалардын акчасын соргон Леонардо 1516-жылы Франциянын падышасынын чакырыгы менен Кло-Люсе имаратына барып өмүрүнүн акыркы 3 жылын окуучусу Франческо Мельци менен өткөргөн.
Францияда жашоо кечирип калган атактуу сүрөтчү ал жерде сүрөт тартпай калат. Амбуазда үч жыл жашаган соң 67 жаштагы Леонардо ооруп төшөккө жатып калат. 1519-жылы 23-апрелде аны тегеректеген окуучуларынын жана көптөгөн жакын адамдарынын көз алдында каза болот. Вазаринин айтымына караганда, улуу сүрөтчүнү өзүнүн жакын досу, падыша Франциска I өлтүрткөн. Леонардо да Винчинин сөөгү Амбуаз имаратына коюлган. "Бул монастырдын дубалында улуу сүрөтчү, инженер Леонардо да Винчинин жансыз денеси жатат" деп жазылган эстелик ташы дубалга илинип коюлган.
Леонардонун мураскери окуучусу Франческо Мельци болгон. Ага акчадан тышкары анын картиналары, аспаптары, китепканасы жана башка буюмдары калган.