Орусиялык ырчы Юлианна Караулова Москвада төрөлгөн. Юлианна 4 жашка чыкканда атасынын жумушуна байланыштуу үй-бүлөсү менен Болгариянын София шаарына көчүп барышкан. Жаштайынан музыкага жакын өскөн болочоктогу ырчы алгачкы ирет 5 жашында сахнага чыкса, 14 жашында 3 кыздан турган "YES" аттуу топтун курамында ырдай баштайт. Топтун кыздары Орусиянын "Жылдыздар фабрикасы" долбоорунун 5-сезонунун тандоо туруна барышкан. Топтон бир гана Юлианна өтүп, жылдыздар үйүндө жашоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Долбоор жыйынтыкталган соӊ продюсерлер курамы 3 кыздан турган "Нецке" аттуу топ ачышат. Бирок бул топко ийгилик жылмайбай акыры тарап кеткен.