
40ка жакын маданият кызматкери бийликтин маданият тармагына жетиштүү көңүл бурбаганына нааразычылык билдирип өкмөт үйүнө өкүрүп барышкан.
Аталган флешмоб “Кайран заман” деп аталган. Ага режиссёрлор Садык Шер-Нияз, Эрнест Абдыжапаров, "Дем" театрынын жигиттери, сүрөтчүлөр, жазуучулар, акындар катышты. Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз драма театрынан алдына чогулган жоон топ өкүргөн боюнча Өкмөт үйүнүн алдына барып, анын алдында 1-2 мүнөт туруп, эч кимдин чыгышын күтпөй эле тарап кетишкен.
Казакстан, Орусия жана Түркиядагы кыргыз диаспораларынын өкүлдөрү ошол кездеги Маданият, маалымат жана туризм министри Камила Талиева катыша турган иш-чараларга бойкот жарыялап, өткөрүлө турган башка иш-чараларга аны чакыруудан баш тартышкан.
Диаспоралардын кайрылуусунда, Камила Талиевага болгон нааразычылык 3-майда Казакстандын борбору Астанада болуп өткөн "Ала-Тоо булбулу Токтогул" деген иш-чарадан улам келип чыккан. Бул иш-чара диаспора жана демөөрчүлөрдүн эсебинен өткөрүлүп, министр конок катары катышып келген. "Кыргызстанга келген соң К.Талиева иш-чараны министрлик уюштургандай билдирүүлөрдү таркатып жатат",- деп нааразы болушкан.