Непал өлкөсүндөгү 7,9 баллга жеткен жер силкинүү кырсыгынан каза тапкандардын саны 3200дөн ашкан. Анын очогу Катманду шаарынан түндүк-батышты карай 82 чакырым алыстыкта болгон. Жер силкинүү 26-апрелде да кайталанып, кыйроолордун саны өсүп кеткен. Жер силкинүү Индия, Бангладешке да таасир берип, бул өлкөлөрдөн 60ка жакын адам каза болгон.