1998-жылы июнь айында Чэнь Инхао аттуу тайвандык студент тарабынан жазылган CIH же "Чернобыль" компьютердик вирусу Чернобыль окуясынан 1 жыл өткөн соң активдештирилип, дүйнө жүзү боюнча жарым миллиондой компьютерди иштен чыгарган. Чернобыль атомдук станциясында болгон авария менен вирустун активдештирилген датасы бирдей болгондуктан, дал ушундай ат коюлган. Бул вирус бир гана Windows 95/98/ME операциондук системинде иштейт.