28- Апрель 2015 -жылы
Казак жана орус эстрада ырчысы, музыкант, саксофонист, композитор, поэт Батырхан Шукенов 52 жашында каза болгон
Казак жана орус эстрада ырчысы, музыкант, саксофонист, композитор, поэт Батырхан Шукенов жүрөк оорусунан улам өзүнүн Москвадагы батиринде кечки саат 23:00дөрдө каза болгон.
Ырчы менен анын Москвадагы күйөрмандары 29-апрель күнү Боткин атындагы оорукананын астынан коштошушкан. Андан кийин маркумду ырчынын агасы жана жакын достору самолёт менен Алматыга алып келип, 1-май күнү Казак улуттук филармониясында Батырхан Шукенов менен коштошуу зыйнаты өткөрүлгөн.
Ырчы Казакстандын Кызыл-Ордо шаарында туулган. Болочоктогу композитор мектепте окуп жүргөндө эле музыкага кызыкчу. Мектепти аяктаган соӊ алгач Ленинград шаарындагы Маданият институтуна тапшырган. Бирок саксофон бөлүмүнө окуйм деп 2-курстан кийин Казакстандагы консерваторияга келе берген.
1982-жылы ырчы студент кезинде бир нече достору менен казакстанда "Арай" тобун түзүшкөн. Аталган топ башында Роза Рымбаева менен чогуу иштечү. Кийин топ аталышын "Алма-Ата А`Cтудио", "А`Cтудио" деп өзгөртүп, атагы казак элине тарай баштайт. Таланттуу жигиттер тууралуу Алла Пугачёва угуп, аларды өзүнүн жыл сайын өтүүчү "Рождестводогу жолугушуулар" концерт-фестивалына катышууга чакырат. Ошондон тартып "А`Cтудио" тобу Москвада болуп көрбөгөндөй ийгиликке жетишкен. Алардын бардык чыгармаларын Батырхан аткарчу. "Нелюбимая", "Жулия", "Белая река", "Стоп, ночь", "Солдат любви", "Эти тёплые летние дни" сыяктуу ырларын күйөрмандары унутушпайт. 2000-жылы Батырхан "мекениме кызмат кылуум керек" деп Алматыга кайтып, жеке ырчыга айланган. Бул аралыкта 6 ырлар жыйнагын жарыкка чыгарганга жетишкен.