3- Май 1974 -жылы "Достор" тобунун ырчысы Салима Балтаева төрөлгөн

Салима Балтаева 1974-жылы алыскы Алайдын Жошолу деген айылында төрөлгөн. Бала кезинде жайлоодо көчүп-конуп жашап жүрүп жаратылыш менен тыгыз байланышта чоңойгон. Ырчы болуп калышына табияттын берген таасири зор болгонун айтып келет. Анткени суунун дабышынан, күндүн бүркөлгөнүнөн, дарактардын термелишинен өзгөчө, кулакка жагымдуу обондорду укчу. Салима Балтаева бала бакчага барганда эле ырдачу.

Мектепте жакшы окуп, мугалим же ырчы болууну каалачу. А.Малдыбаев атындагы Опера-балет театрына барып, ошол жактан опера жаатында билим алып, андан соң Улуттук консерваторияга тапшырган. 2 жыл опера-балетте, 5 жыл консерваторияда, кайра 2 жыл консерваториянын аспирантурасында болуп, 9 жыл окуган. Филармонияда эмгектенип жатканыма 12 (2016) жылдын жүзү болду.

Алгач Айбек Карымов менен “Дил кайрык” деген ырды ырдап чыкканда таанылган. Андан кийин Кутман Жолдошев, Орозгүл Токторбаева, Майрамбек Осмонов, Чырмаш Төрөбеков менен дуэт ырдаган. 2007-жылдан бери “Достор” тобунда ырдап келет.

 

БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан