“Инсан” тобунун негиздөөчүсү, обончу, аранжировкачы Эркин Мээрканов Ысык-Көл облусуна караштуу Маман айылында төрөлгөн. Бала кезинен келечегин музыкант катары көрүп, музыкалык мектептен билим алган. Ошондо эле скрипка, фортепиано сыяктуу түрдүү музыкалык аспаптарда ойногон.