8- Май 1975 -жылы Актёр, модель, продюсер Мехмет Гүнсүр туулган
Актёр, модель, продюсер Мехмет Гүнсүр туулган. Мехмет 7 жашында жарнамалык түрмөккө тартылып, экрандагы тушоосу кесилген. Өспүрүм кезинде музыкага кызыгып, түрктөрдүн "Dawn" (Агарган таң) аттуу тобунун солисти болуп жүргөн. Аны менен кошо ресторанда бармен болуп иштеп жүрүп, жеке ресторандык бизнесин түптөгөнгө да жетишкен. Италиядагы лицейди аяктаган соң Стамбулдагы Мармара университетинин журналистика факультетин бүтүргөн. Мехмет актёрлукка караганда моделдик бизнес менен көбүрөөк алектенет. Анткени анын жүзүн өзүнүн жарнамасында көргүсү келген компаниялар көп. "Даңазалуу доор" сериалында Мустафанын ролу үчүн "Elle" журналы "Мыкты актёр" деп тапкан. 
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан