Кыргыз өлкөсүндө эӊ узун бойлуу адам катары таанымал болгон Жеӊишбек Райымбаев Ак-Талаа районунун Ак-Кыя айылында туулган. Анын бою өспүрүм курагынан тартып 2 метр 36 сантиметрге чейин өскөн. Убагында ооруга чалдыккан Жеӊишбекке жардам берүү боюнча карапайым жарандар тарабынан ар кандай аракеттер көрүлгөн. Кант диабети жана башка оорулардан жабыркап, оорудан улам 2014-жылы бир бутун кестирүүгө да аргасыз болгон. Ушундан кийин ал ордунан турбай калып, акыркы айлар ичинде өзүн начар сезе баштаган.