Төкмө акын Жеңишбек Жумакадыр Нарын районунун Эмгекчил айылында төрөлгөн. Мектепте окуп жүргөндө эле ыр жазчу. 7 жашында атасы каза болуп, чоң атасынан тарбия алган. Чоң атасы акынды 9-классты аяктагандан кийин Нарындагы ПТУга окууга тапшырткан. Эки ай окугандан кийин обончу Керезбек Тургуналиевди жолуктуруп, аны менен Нарын театрына барып ырдап, театрдагыларга жагып, 15 жашында паспортунун жоктугуна карабай келишимдик негизде жумушка орношкон. СССРдин эл артисти Капар Медетбеков баштаган Сейитказы Андабеков, Бакирдин Алиев өңдүү залкарлардын мектебинен өткөн. Жеңишбек Жумакадыр төкмө акындык өнөрүн алгачкы жолу 1993-жылы Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн түзүлгөнүнүн бир жылдыгына арналган, Бишкектеги аскерлер арасында чыгармачылык жарышында билген. Ал жарышта баш байгени жеңип алган.