9- Май 1959 -жылы Обончу, акын, аткаруучу Марат Алыбаев туулган
“Таазим” тобун түзгөн обончу, акын, аткаруучу Марат Алыбаев туулган. Ал кичинекей кезинен ооруга чалдыгып, өмүрү оорукана менен тыгыз байланышта өткөн. Талантын байкаган ата-энеси Германиядан келген аккордеон сатып беришкен. Кыякты кере тартып жүрүп 5-класска келгенде ыр жазып, 7-классында алгачкы обонун жараткан. 
Мектептин жылдызы болуп жүрүп 8-классты аяктаган соң Бишкектеги ооруканага көрүнсө, өпкөсүнө суук тийип, өтүшүп, бир өпкөсү жарабай калган. 15 жашында өпкөсүнө операция жасаткан. Доктурлар обончуга 20 жылдык өмүрү бар экенин айтышкан. Операциядан айыгып, 1976-жылы Мураталы Күрөңкеев атындагы окуу жайдын музыкалык-хореографиялык бөлүмүндө билим ала баштаган. 
Окуусун бүтүп троллейбус айдап иштеген. Ырларынын бир тобу троллейбус айдап жүрүп жазылган. Расул Маматкулов ырдап жүргөн "Он экинчи автобус", Мерген Турган ырдаган "Айсулуу", Алина Жетигенова аткарган "Фрунзем" баш болгон ырларынын 60-70 пайызы ошол учурга таандык. Иниси Акылбек Алыбаев Талас райондук маданият үйүнүн директору болуп дайындалган соң Марат Алыбаев да барып, ошол жерде иштеп калган. Ошондо экөөндө эстрадалык ансамбль түзүү идеясы пайда болгон. Марат Алыбаев Бишкектен Алина Жетигенова, анын жолдошу Кубат Үмөталиев, Эстебес Турсуналиевдин баласы Эркинди, анан Бекболот Курманалиев деген баланы алып барып, 1988-жылдын март айында "Таазим" ансамблин түзгөн. 
Марат Алыбаев 1995-жылдын 12-ноябрында 36 жашында каза болгон. 
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан