10- Май 1990 -жылы "Тамашоучу" Жеңиш Майрамбек уулу туулган
"Тамашоучу" Жеңиш Майрамбек уулу Талас облусунда төрөлгөн. Мектепке алты жашынан барып, аяктаган соң Юридикалык академияга тапшырган. Студент кезинде "Тамашоуго" "Моника Беллуччи" командасы менен катыша баштаган. Команда "Тамашоудун" 5-сезонунда чемпион аталган соң тарап кетишкен. Жеңиш Майрамбек уулу бир нече тасмаларда башкы ролдорду жаратып, кино тармагында ийгиликтерге жетишкен. Ал алгачкы ролун Руслан Акундун "Сүйлөшкөн кызымдын баатыры" (Герой моей девушки) тасмасында жараткан. Андан сырткары Бакыт Осмонканов менен биргеликте "Бир тууганчик" тасмасында ойногон. Ал эми "Напарниктер" тасмасында жергиликтүү милиция кызматкеринин ролун жараткан. 
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан