10- Май 2001 -жылы
Ырчы, обончу Алтымыш Кадыров каза болгон
Ырчы, обончу Алтымыш Кадыров 2001-жылы 10-майда 47 жашында көпкө созулган оорудан каза болгон. Ал Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Орто-Мечит айылында төрөлгөн. 1980-жылдары “Сага”, “Балалык”, “Ак-Буура”, “Сени менен өмүр бир өтсүн” деген ырлары хит болгон. Ал 1990-жылдары өлкөгө таанылып, анын "Бактылуу болуп жашайлы", "Күн болуп...","Бере турчу бир тамчы", "Кечки Бишкек" деген ырлары ушул маалда чыгарылган.
Көзү өткөндөн кийин 60 ыры чогултулуп нотага түшүрүлүп, китеп болуп чыгарылып, 2002-жылы эскерүү концерти өткөрүлгөн.