2013-жылдын 10-сентябрында "Евровидение-2014" Эл аралык сынагында Австриянын атынан Кончита Вурст чыгары белгилүү болгон. Ал эми 2014-жылдын 10-майында Даниянын борбору Копенгаген шаарында "Евровидение-2014" Эл аралык музыкалык сынагынын финалы болуп өткөн. 26 өлкөнүн таланттары ат салышкан сынактын калыстар тобу жана көрүүчүлөр жеңишти сахнага сакалчан аялдын образында чыккан австриялык ырчы Томас Нойвиртке ыйгарышкан. Ал Европаны "Rise like a Phoenix" ыры менен багынтып, 290 упай топтой алган. 238 упай топтогон нидерландылык «The Common Linnets» дуэти 2-орунду, 3-орунду болсо 218 упай менен швециялык ырчы Саана Нильсен ээледи. Орусиянын атынан ат салышкан эгиз кыздар Мария жана Анастасия Толмачёвалар 89 упай топтоп, 7-орунду багындырышкан.