20- Апрель 1993 -жылы
Америкалык “Backstreet Boys” тобу түзүлгөн
Америкалык “Backstreet Boys” тобу Американын Орландо шаарында бүтүрүүчү класстын окуучулары Эй Жей Маклин менен Хауи Дороу тарабынан түзүлгөн. Топ түзүү идеясы эки жигит бир кечеде чогуу ырдап калган күнү пайда болуп, көп узабай өздөрү курактуу мектеп жашындагы балдарды топтун катарына ала башташкан. Алгач топтун мүчөсү катары Ник Картер кабыл алынса, кийинчерээк жакын туугандар Кевин Ричардсон менен Брайан Литтреллдер келишкен. Ошондон тартып бир топко чогулган беш жигит чыгармачылыкта тынымсыз эмгектене башташат. Топтун эл алдына болгон алгачкы кадамы өздөрү окуган мектеп сахнасынан башталып, алгачкы концерти 1993-жылы 8-майда Орландо шаарында 3 миң көрүүчүнүн алдында болуп өткөн. Дал ошол концерттен күйөрмандарынын бири бул топтун келечеги чоң экендигин байкап, Америкадагы ырчыларга колдоо көрсөткөн “Jive Records” студиясына телефон чалган. Жыйынтыгында “Backstreet Boys” тобу бул студия менен келишимге кол коюп, биргеликте иштеше баштайт. Бирок жигиттер дүйнөлүк масштабдагы атактуулукту багындыруу үчүн канчалаган эмгек жумшашса да 4 жыл бою өздөрү каалаган популярдуулукка жете алышкан эмес. Бул убакыт аралыгында “Backstreet Boys” тобу бир гана түнкү клубдардын жана ресторан-кафелердин жылдызы аталууга жетишкен.
1996-жылы топтун эң алгачкы “Backstreet Boys”(“Аркы көчөнүн балдары”) деп аталган жаңы альбому жарыкка чыгып, Батыш Европада популярдуу боло баштайт. Ал эми 1997-жылдан тарта дүйнөнүн эң атактуу музыкалык топторунун катарына кошулган “Backstreet Boys” тобу ырларынын сатылышы боюнча болуп көрбөгөндөй натыйжаны көрсөтүп, 2001-жылы Гиннес рекорддор китебине киргизилген.