V чакырылыштагы Жогорку Кеӊештин депутаты Карганбек Самаков коррупция беренеси боюнча шектелип, камакка алынган. Кылмыш иши 14-майда козголуп, Самаков Чүй облусунун Кара-Жыгач, Байтик жана Лебединовка айыл аймактарындагы 262 гектар жер тилкесин мыйзамсыз трансформациялоо (айдоо аянттарын үй салууга боло турган категорияга которуу) кылмышына айыпталган. Бул жер тилкелерин сатуудан депутат 8 миллион доллар пайда көргөнү айтылган. Камалгандан аз өтпөй УКМКнын алдына депутаттын тарапташтары чогулушуп, колдоо көрсөтүү үчүн келишкенин билдиришкен. Эртеси Самаковдун тарапташтары Башкы прокуратуранын алдына чогулуп, митинг өткөрүшкөн.