15- Май 2016 -жылы "Евровидение 2016" сынагы жыйынтыкталып, украиналык ырчы Жамала жеңип кеткен
"Евровидение" Эл аралык сынагында финалга чыккан 26 өлкөнүн катышуучуларынын арасынан Украина өлкөсүнүн өкүлү, Ошто төрөлгөн Жамала 1-орунду алса, 2-орунду Австралия өлкөсүнүн өкүлү Дэми Им, 3-орунду орусиялык Сергей Лазарев ээлеген. Жамала сталиндик режим менен ата-бабаларынын Борбор Азияга депортацияланганы тууралуу "1944" ыры менен утуп кеткен.
Финалда 26 катышуучу: биринчи жана экинчи жарым финалдан өткөн 20 катышуучу жана үй ээси Швеция, "беш чоңдукка" кирген Улуу Британия, Германия, Испания, Италия, Франциянын өкүлдөрү ат салышкан. 
10-майда сынактын биринчи жарым финалы болуп өткөн. Анда 18 өлкөдөн келген катышуучулардын арасынан 10 өлкөнүн мыкты делген ырчылары финалга чыгышкан.
16-майда бул сынактын жыйынтыгына каршы кол топтоо башталган. Сынактын уюштуруучуларына жолдонгон кайрылууга мүмкүн болгон 35 миңден 29 миңден ашуун адам кол койгон (17-майда). Армениянын Ереван шаарынын Артур Оганесян аттуу тургуну кол топтоону уюштурган. Ошондой эле мындай кол топтоону Улуу Британия, Франция, Германия, Испания, Австралия, Сербия, Швеция, Орусия, Украина жана башка өлкөлөрдүн жарандары да колдоп чыгышкан.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан