18- Май 1938 -жылы
Коомдук ишмер Абдыкадыр Орозбеков жалган айып менен атып өлтүрүлгөн
Коомдук ишмер, Кыргыз жергесинде Совет бийлигинин орношуна чоң салымын кошкон Абдыкадыр Орозбеков 1937-жылы репрессия капшабына кабылып, “Туран” улуттук партиясынын мүчөсү” деген жалган айып менен атып өлтүрүлгөн. 1889-жылы Ферганадагы Охна айылында (азыркы Баткен облусуна караштуу Кадамжай районунда)төрөлгөн. Бала кезинен тарта Ферганадагы нан заводдо иштей баштаган. Совет бийлиги орноп баштаган учурда басмачыларга каршы күрөшүү боюнча куралдуу топту жетектеген. 1930-1931-жылдары кыргыз алфавитин негиздөө боюнча борбордук комиссияны жетектеген. Көрсөткөн эрдиги үчүн ал Кыргыз автономиялуу облусунун Аткаруу комитетинин төрагасы болуп шайланган. Андан кийин Кыргыз автономиялуу республикасынын Борбордук аткаруу комитетинин (ЦИКтин) төрагасы да болгон. Эмгек Кызыл Туу орденинин ээси. Абдыкадыр Орозбеков каза болгондон 18 жылдан кийин акталган.