Акыркы замандын жетишкен технологиясынын жардамы менен поп музыканын падышасы атыккан Майкл Жексон голограмма аркылуу «тирилген». Анда Майкл Жексон Лас-Вегас шаарында өткөн "Billboard Music Awards" музыкалык сыйлык тапшыруу аземинде сахнада ырдаган. Анда ырчынын фирмалык бийлери, анын атактуу кадамы аткарылып, чебер бийчилердин коштоосунда көркүнө чыгып, көрүүчүлөрдүн көзүнө жаш алдырган.