19- Май 1972 -жылы Түркиялык актёр, ырчы, режиссёр Өзжан Дениз туулган
Түркиялык актёр, ырчы, режиссёр Өзжан Дениз Анкара шаарында туулган. Актёрдук чеберчилиги жана мукамдуу үнү менен мекенинде гана эмес, Германия, Франция, Орусия, Борбор Азияда да өз күйөрмандарын топтогон. Күрд улутундагы Өзжан жетишпеген турмуштун айынан 13 жашында мектепти таштап, ырдап үй-бүлөсүн бага баштаган. Кийинчерээк түркиялык сериалдарга тартыла баштайт. Тасма талаасында ага ийгилик алып келген "Коркунучтуу сүйүү"("Опасная любовь") сериалындагы Неджаттын образы болгон. 
Андан сырткары "Суу жана от", "Июнь кечтери", "Тагдыр", "Сүйүү жүрөккө чок салат" жана башка тасмаларга тартылган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан