Советтик режиссёр Али Хамраев Өзбекстандын Ташкент шаарында туулган. Атасы тажик-өзбек элинин актёру, сценаристи, кинодраматургу болгон. Бир нече тасмаларда башкы ролдорду жараткан. Режиссёр төрөлгөндөн кийин эле атасы 1937-жылы репрессиянын учкундары менен камакка алынып, эки жылдан соӊ бошотулган. Камактан чыккандан кийин деле көп жашаган эмес. 1942-жылы Улуу Ата Мекендик согушта курман болгон.