Нигериянын Жос шаарынын эки жеринде болгон жардыруудан 118 адам каза тапкан. Сөөктөрдүн көбү урандылардын астынан табылган. Жардыргычтар колго жасалып, киши көп топтолгон аймакта токтоп турган жүк машинасында, автобуста жардырылган. Жергиликтүү бийлик жетекчилиги муну исламчыл “Боко Харам” экстремисттик тобу ишке ашырган болушу мүмкүндүгүн билдирген.