Ырчы Шахрезада Аскарова Чүй облусунун Сокулук районунда төрөлгөн. Мектепте болгон ийримдердин бирин калтырбай барчу. Мектепти аяктагандан кийин Ленинграддагы Музыкалык педагогикалык училищенин оркестр бөлүмүндө балалайка жана баян аспаптарында ойноо жаатында окуп, тилекке каршы, ал жактын нымдуу абасы ден соолугуна жакпай, окууну таштап, кайтып келүүгө аргасыз болгон.