24- Май 2015 -жылы
"Евровидение-2015" сынагында Швециянын өкүлү жеңишке жеткен
Австриянын Вена шаарында "Евровидение-2015" сынагынын финалы өткөн. Анда 27 мамлекеттин өкүлдөрү Европадагы эң абройлуу сынактын жеңүүчүсү аталуу үчүн өз өнөрлөрүн тартуулашкан. Жыйынтыгында Швециянын өкүлү Монс Зелмерлёв (365 упай) жеңүүчү аталган. Ал эми орусиялык ырчы айым Полина Гагарина (302 упай) 2-орунду камсыздаган. Андан кийинки орундарга Италиянын, Бельгиянын, Австралиянын өкүлдөрү ээ болушкан.