24- Май 2011 -жылы АКШдагы Миссури штатынын Жоплин шаарындагы торнадонун айынан каза болгондордун саны 116га жеткен
АКШдагы Миссури штатынын Жоплин шаарында табигый кырсык үйлөрдү жана автоунааларды турган ордунан 100 чакырым алыс аралыкка чейин учуруп, аймактагы 2 миң имаратты жер менен жексен кылган. Торнадонун кесепетинен курман болгон кишилердин саны 116га жеткен. Ал эми жаракат алгандардын саны жүздөп саналган. Кырсыктан жабыр тарткан аймактын кээ бир жерлеринде электр жарыгы жана телефондук байланыш үзгүлтүккө учурап, таза суу тартыштыгы жаралган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан