30- Май 2014 -жылы
Манасчы Жусуп Мамайга Кыргыз Республикасынын Баатыры наамы берилген
Кыргыз Республикасынын Баатыры, Кыргыз Республикасынын Эл артисти, "Манас" орденинин ээси Жусуп Мамай Кытай Эл Республикасынын азыркы Кызыл-Суу кыргыз автономиялык облусуна караштуу Ак-Чий жергесиндеги Кара-Булак айылында 1918-жылы 18-апрелде (4-майда деген да маалымат бар) туулган. Кыргыз Республикасына манасчы биринчи ирет 1992-жылы Сагымбай Орозбаковдун 125 жылдык мааракесине, экинчи жолу 1995-жылы "Манас" эпосунун 1000 жылдыгына келген. 2014-жылдын 30-майында манасчыга Кыргыз Республикасынын Баатыры наамы берилген. Бирок сыйлыкты алууга жетишкен эмес. Жусуп Мамай 2014-жылы 1-июнда 96 жашында каза болгон.