15- Июнь 1975 -жылы Интернет аркылуу жылдызы жанган казакстандык МС Сайлаубек туулган
Интернет аркылуу жылдызы жанган казакстандык МС Сайлаубек Казакстанда Атырау шаарында туулган. МС Сайлаубек атактуулукка интернеттеги видеосу менен таанылган. Анын айтымында, аны балдар сабап кетишкен соң түшүнбөгөн тилде рэп айтып жатканда кимдир-бирөө тартып алган. Кийин ал видео интернетте көп кароолорго ээ болгон. Бала кезинде эле рэп ырларын көп укчу. Чет тилин билбегендиктен өзүнө айтканга оӊой кылып ыӊгайлаштырып ырдай берип, ушундай деӊгээлге жеткен. Анын рэп айтууга тембри бар экенин жана ал эч кимге окшошкусу келбестигин "Супер-Инфо" гезитине берген маегинде айткан. Андыктан түшүнүксүз тилде ырдаганы – бул анын фишкасы. Өзгөчө стилде рэп айтуу менен элдердин маанайын көтөрүп, позитив тартуулагысы келет. Атыраудагы Агрардык-техникалык окуу жайды бүтүргөн. Көркөм окуу боюнча бир катар сынактардын жеӊүүчүсү болгон. 
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан