9- Июнь 1985 -жылы Ырчы Турдакун Ниязалиев туулган
Ырчы Турдакун Ниязалиев Талас облусу, Бакай-Ата району, Көк-Таш айылында туулган. Бала кезден эле мектепте баян ойноп, ырдап жүрп, кийин обон жазып калган. 10-класста окуп жүргөндө Ынак Осмоналиев ырдап жүргөн "Айлуу кеч" деген ырын жазган. Махмуд Кашгари-Барскани атындагы Чыгыш университетинин араб тили факультетине тапшырган. Араб тили аркылуу ислам дүйнөсүнө аралашып, шариятта ырдоого тыюу салынгандыктан чыгармачылыкты таштап салган.Эгер ыр адамды адеп-ахлакка, Ата Мекенди сүйүүгө чакырса ырдаса болот дегенди уккандан кийин кайра чыгармачылыкка киришкен. Атайын музыкалык билими жок, болгону туура ырдоо үчүн Улукмырза Полотовдон сабак алган. Чыгармачылык ырчы үчүн кесип эмес, жөн гана хобби.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан