13- Июнь 2015 -жылы Грузиянын борбор калаасы Тбилисиде катуу жааган жамгырдан Вере аттуу ири дарыя ташкындап, андан 12 адам каза болгон
Грузиянын борбор калаасы Тбилисиде катуу жааган жамгырдан Вере аттуу ири дарыя ташкындап, андан 12 адам каза болгон. Суу бир канча үйдү каптап, электр зымдары жараксыз абалга келип, коомдук транспорттук каттам токтотулган. Андан сырткары 30дан ашуун үй-бүлө баш паанексиз калган. Калаада жайгашкан зоопарк да талкаланып, андагы бир канча аюу, карышкыр, арстан, жолборс жана башка жапайы жаныбарлар шаар аралап качып кетишкен. Анын айрымдарын кайтарып келишсе, айрымдарын көргөн жерден атып өлтүрүүгө мажбур болушкан.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан