15- Июнь 2015 -жылы Орусиялык ырчы Жанна Фриске рак илдетинен каза болгон
Орусиялык ырчы Жанна Фриске рак илдетинен каза болгон. 
Орусиялык эстрада ырчысы, актриса Жанна Фриске 1974-жылы Москвада туулган. Жанна кичинекей кезинен балет, спорт бийи, акробатика, көркөм гимнастика ийримдерине катышкан. Мектепти аяктап, Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетине тапшырган. Бала кезинен өздөштүргөн өнөрү керекке жарап, ошол эле учурда хореограф болуп да эмгектенген. Фриске деген фамилия анын немец улутундагы чоң энесинен калган.

Жанна 1996-жылы "Блестящие" тобунун курамына кошулган. Продюсерлер ырчынын үнүн, сахнада алып жүрүү манерасын, ийилчээктигин жана көрктүү кыймылын жактырышып, топко төртүнчү солист катары алышкан. Жанна окуусун таштап, музыкалык карьерага баш-оту менен киришет. Ырчы келишкен келбети менен көптөгөн клиптердин көркүн ачып, орусиялык поп-музыканын секс-символу атыгып, жаш кыздардын кумирине айланат. 2003-жылы "Последний герой" аталышындагы реалити-шоунун 4-сезонуна катышып, финалына чейин озуп чыгат. Тартуу аянтчасынан келери менен Фриске топтон кетип, карьерасын жеке ырчы катары улантарын жар салган. Атактуулуктун чокусунда турганда топтон кетип, жеке ырчы болууга бет алган Жаннанын сахнада өз ордун табарына эч ким күмөн санаган эмес. Ырчынын жеке чыгармачылыгы баш айланткан ийгилик менен коштолгон. Анын оңой жатталган ырларынын тексти булуң-бурчтагы үналгы, сыналгыларда жаңырып, ыр ышкыбоздордун оозунан түшпөй калган. Ырчы 2004-жылдан тартып кино айдыңына аралашып, актрисалык карьерасын түптөөгө жетишкен. Ал "Ночной дозор", "Дневной дозор", "Одноклассники.ru" өңдүү бир нече тасмада тартылган.

2013-жылы 7-апрелде Жанна Фриске өзүнөн 9 жаш кичүү телеалпаруучу Дмитрий Шепелев экөө уулдуу болуп, атын Платон коюшкан. 

Көз жаргандан 2 ай өтпөй Жаннанын ден соолугу начарлаган. 2014-жылы январь айында Жаннага 4-даражадагы глиобластома (мээнин залалдуу шишиги) диагнозун коюшкан. Ал Германиянын, АКШнын клиникаларында дарыланган. Аны дарылатуу үчүн жолдошу каражат топтоону уюштуруп, жалпысынан 70 миллионго жакын рубль жыйналган. Коомчулуктун кол сунганына Жанна Фриске ыраазы болгон.2014-жылдын жай айында ырчынын ден соолугу жакшырып, көзүнүн көрүүсү калыбына келип, шишиги тарап, арабасыз өзү басып жакындарын, күйөрмандарын сүйүндүргөн болчу. Бирок 1 жарым жылдан бери айыккыс дарт менен алышкан ырчы 2015-жылы15-июнда каза болгон. Күйөөсү Дмитрий Шепелев дарыгерлердин алдын ала берген жагымсыз маалыматын угуп акыркы көз ирмемдеринде сүйүктүүсүнүн жанында болууну каалабай, өлөрүнө бир күн калганда баласын алып Болгарияга учуп кеткен. Ал баласына энесинин өлүмүн көрсөткүсү келген эмес. Ырчы ата-энесинин, сиңдиси Натальянын жана жакын курбусу Ольга Орлованын көз алдында кайтыш болгон. Ырчынын сөөгү 18-июнда Москванын четиндеги Николо-Архангельск көрүстөнүнө коюлган.

БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан