Режиссёр, продюсер Сүйүн Откеев Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Октябрь айылында туулган. 1986 Макаренко мектебине окууга бара баштаган. 1993-жылы Кыргыз-түрк балдар лицейине тапшырган. 1997-жылы окууну аяктап, Ош технологиялык университетине Байланыш түйүндөр жана коммуникация системалары адистигине тапшырган. Бир жыл өткөн соң Германияда Лемго шаарындагы университетте Медиа продакшн факультетинде 10 жыл окуган.