26- Июнь 1989 -жылы Орусиялык маньяк Василий Кулик өлүм жазасына тартылган. Анын 13 кишини өлтүргөнү далилденген 
Орусиялык педофил-маньяк Василий Кулик өлүм жазасына тартылган. Үй-бүлөлүү, эки баланын атасы Василий Куликтин адам өлтүрүп жүргөнү билинген соң, аны "Иркутсктун жан алгычы" деп атап калышкан. Атасы биология илимдеринин доктору, жазуучу болсо, апасы шаардагы мектептердин биринде директор болгон. Ал эми өзү Иркутск шаардык ооруканасынын "Тез жардам" кызматында врач болуп эмгектенген. Куликтин эң алгачкы курмандыгы өзү дарылаган бейтап, улгайган аял болгон. Аны өз үйүнө жеткирип барып, ишеничине кирип, үйүнө баш багып, эсин оодарган дары сайган. Аны зордуктап, муунтуп өлтүргөн. Кийинки курмандыктары 8, 13, 15 жаштагы кыздар-балдар болгон. Аларды зордуктап, ар түрдүү мыкаачылыктын жолдорун колдонгон. Анын 13 кишини өлтүргөнү далилденген.  
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан