21- Июнь 2015 -жылы
Кыргыз тоолорунда 3 испаниялык альпинист кар көчкүдөн улам кайтыш болгон
Кыргыз тоолорунда 3 испаниялык альпинист кар көчкүдөн улам кайтыш болгон. Алардын дайыны такталып, каза болгондор 1990-жылкы Алехандро Шафер Виседо, 1991-жылкы Жозеф Кабалерия Катрина жана 1996-жылкы Пол Вилар Родригес болуп чыгышкан. 16-июнда 10 испан бийиктиги 4600 метр болгон Ак-Тоону багындыруу үчүн кыргыз жерине келген. Өлкөгө жыл сайын дүйнөнүн ар бурчунан 3 миңдей альпинист келет. Эл аралык эрежелерге ылайык, эгерде кырсык катталса, бардык жоопкерчилик альпинисттин моюнунда болот. Ал сапарда испандардын тобун жеке компаниялардын бири чакырган.